• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө 16 миңден ашык медициналык адис окуудан өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө 16 миңден ашык медициналык адис окуудан өтүү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстанда COVID-19 илдетин алдын алуу, дарылоо, диагностикалоо, коопсуздук чаралары жана инфекциялык көзөмөл маселелери боюнча медкызматкерлер үчүн аралыктан жана көчмө курстар өтүлүүдө.

“С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында 2020-жылдын 5-февралынан 6-июлуна чейин 16 миң 422 адис окуудан өттү”, - деп айтылат маалыматта.

Аралыктан окутуу курстарында – 8 миң 936 медкызматкер, инфекциялык көзөмөл жана жеке коргонуу каражаттарын туура пайдалануу маселелери боюнча жеринен – 7 миң 506 медкызматкер окутулду. Алардын ичинде 3 миң 38 дарыгер, 3 миң 759 медайым, 70 ординатор жана 639 кенже жана башка персоналдын адистери бар.

Ошондой эле COVID-19га экспресс-тестирлөө, ПЧР-изилдөө жүргүзүү, аналитика боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын лаборатордук бөлүкчөлөрүнүн 326 адиси окутулду.

Пикир

Оставить комментарий