• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү боюнча программа иштелип чыкты - Кепилдик фонду

Экономика 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү боюнча программа иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

"Антикризистик планды аткаруунун алкагында Улуттук банктан уставдык капитал үчүн 1 млрд сом алдык. Ага байланыштуу коммерциялык банктарга салыштырмалуу жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча программа иштеп чыктык. Коронавирустан улам зыян тарткан ишкерлер үчүн программа бекитилди. Каражаттар банктарга 2% менен берилет. Биз банктарды пайыздык чен 10%дан ашпагандай насыя берүүнү сунуштайбыз. Бул программа боюнча 2 млрд сом насыя берилет деп күтүп жатабыз", - деди ал.

Ал белгилегендей, андан тышкары алар Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөдү жүргүзүп жатышат.

"30-июль күнү Дүйнөлүк банк Кыргызстан үчүн 100 млн долларга "ыкчам жардам" программасын бекитти. Ал каражаттын 24 млн доллары "Кепилдик фондуна" берилет. Ошондой эле биз Ысык-Көл облусунда сүт тармагына жардам көрсөтүү боюнча программаны ишке ашыруудабыз. Ал жакта биз 1 миң 183 аласа бердик. Ал каражаттар уй сатып алууга жумшалат. Алар каражаттарды сүттү сатып кайтарат. Берилген аласалар пайызсыз. Ал долбоор ийгиликтүү болгондуктан Дүйнөлүк банк өкмөт, Айыл чарба жана Каржы министрликтери менен бирге аны кеңейтип, эки же андан көп облуска жайылтуу боюнча иш алып барууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий