• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Испаниядан келген жигиттин апасы коронавирустан каза болдубу? - Коменданттын жообу

Аймак 0


Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Испаниядан келген жарандын апасы каза болгондугу анык. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Түз эфирде комендантка "Кара-Суу районунда Испаниядан келген жигит оорусун жашырып коюп, илдет апасына жугуп калгандыктан каза болуп калгандыгы чындыкка дал келеби?" деген суроо берилген.

Коменданттын айтымында, ал жигит Испаниядан 1-мартта келген.

"Ал оорусун жашырганбы же жашырган эмеспи аны иликтеп жатабыз. Бирок апасы каза болгондугу анык. Сөөктү жерге берүүгө 100-120 адам катышкан. Алардын баары анализ тапшырышты. Жашаган жеринин көчөлөрү дезинфекцияланды. Испаниядан келген жигит чын эле оорусун жашырган болсо, ал айыгып чыккандан кийин мыйзамдын негизинде чара көрүлөт", - дейт ал.

Нурдинов кошумчалагандай, Ошто түндө коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн 5 жаран кармалды.

12-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 377ге жетти. Алардын ичинен 63ү медицина кызматкерлери. Коронавирустан 54 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий