• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин 21,2 пайызы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Юстиция министрлигинде ведомстволук бөлүмдөрдү кошо алганда 4 миңден ашык адам иштеп жатат, анын ичинен 890 кызматкер (21,2%) вакцина алышты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин статс-катчысы Абдухалык Шамшиев брифинг учурунда билдирди.

Шамшиев кызматкерлерге жеке жана коомдук гигиенанын талаптарын аткаруу: колун самындап жууп жана антисептиктерди колдонуу жөнүндө күн сайын эскертилип жаткандыгын белгиледи.

“Юстиция министрлиги тарабынан коронавирустук инфекциясынын таралышын болтурбоо жана анын кесепеттерин жоюу, ошондой эле санитардык-эпидемиялык эрежелерди сактоо боюнча иш алып барылууда”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий