• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Күндүзгү стационарларга күнүнө 4 миңдей жаран кайрылууда

COVID - 19 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Бишкектеги күндүзгү стационарларга күнүнө 4 миңдей жаран кайрылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ күндүзгү стационарларга 4 миң 234 жаран кайрылган. Алардын ичинен 3 миң 136сына капельница коюлган, 1 миң 75 жаран медициналык кеңеш алган жана 22 бейтап ооруканага жаткырылган. Свердлов районундагы стационарда 69 жаштагы аял киши илдеттен каза болду.

“Стационарлар кычкылтек концентратор жана пульсоксиметрлер менен камсыз болгон. Алсак, күндүзгү стационарларда 114 кычкылтек концентратору иштөөдө жана 22 дарыкана медициналык жардам көрсөтүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 13 күндүзгү стационар эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий