• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Күз-кыш мезгилине карата республика боюнча 5 миңдей орун даярдалат

COVID - 19 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Күз-кыш мезгилине карата COVID-19 илдетин дарылоо үчүн жалпы республика боюнча 5 миңдей орун даярдалат. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясатын жүргүзүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева билдиргендигин министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.

Анын айтымында, россиялык дарыгерлердин сунуш-пикирлерин эске алуу менен бирге “Семетей” обсервациясын толук кандуу жугуштуу оорулар бейтапканасына айлантуу аракети көрүлүп жатат.

"“Семетей” обсервациясын лабораториялык жана сорттоочу пункттары менен бирге инфекциялык жай катары түзүүнү пландаштырып жатабыз. Анткени, ал жерге жалпысынан 550 бейтапка чейин жаткырса болот. Мындан сырткары, кир жана таза зона бири-биринен алыс аралыкта жайгашкан. Муктаж болгон учурда консервацияланган күндүзгү стационарларды кайра ачуу мүмкүн”, - дейт ал.

Ибраеванын айтымында учурдагы эпидемиологиялык абалдын турукташканына байланыштуу күндүзгү стационарлар консервацияланууда. Ал жайлардын иши толугу менен токтотулбайт. Керектүү учурда кайра бейтаптарды кабыл алууга даяр турат.

Маалымат үчүн: азыркы учурда Бишкектин бардык районунда ачылган төрт күндүзгү стационардын экөө консервацияланды. Калган эки жайда жаткан бейтаптар сакайып, үйлөрүнө чыгарылышы менен алар дагы консервацияланмакчы.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-августка карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 37 миң 541ге жетти. Илдеттен жалпы 28 миң 743 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1 427ни түзөт.

Пикир

Оставить комментарий