• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Күзгө карата карата 11 оорукана даярдалат - Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн күзгө карата 11 оорукана даярдалат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин өлкө боюнча 9 оорукана даярдалары айтылган.

"Биздин пландар алмашып 3 оорукана жаңы салынып жатат. Алар Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында салынууда. Нарындан тышкары калган 6 облуста колдонулбай турган имараттар оорукана катары даярдалат. Кошумча каражат бөлүнүп дагы 2 оорукана күзгө карата бүткөрүлөт: Чолпон-Атада 60 орундуу оорукана жана мурда курулушу башталып аягына чыкпай калган Көк-Жаңгак шаарындагы 60 орундуу оорукана. Алар сентябрь айында ишке киргизилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий