• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Кайсы бир оорунун белгилери бар жарандарды добуш берүүгө кечки маал келүүгө чакырабыз - Үсөнбаев

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кайсы бир оорунун белгилери бар жарандарды шайлоо тикелерине кечки маал келип, дбуш берүүгө чакырды.

"Кандайдыр бир оорунун белгилери болуп, дене табы көтөрүлгөн жарандар конституциялык укугун ишке ашырууну кааласа, добуш берүүгө кечки 18:00дөн кийин келүүсүн шарттадык. Себеби жалпы элди да ойлошубуз керек. Ооруну жуктуруп алуу шарттарын алдын алышыбыз керек. Ошон үчүн муну туура түшүнүп, беткап тагынуу талаптарына туура кабыл алсаңыздар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий