• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

COVID-19. Кайсы класстар биринчилерден болуп мектепке келип окуп баштайт? - министрликтин жообу

Билим 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү кырдаалга жараша окууну салттуу режимге өткөрүү үчүн бир нече вариантты
иштеп чыкты. Бул тууралуу "Ала-Тоо-24" каналынын түз эфиринде билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, эпидемиологиялык абал турукташканда биринчилерден болуп 2, 5, 9, жана 11-класстардын окуучулары мектепке келип окуп баштайт.

"Биринчилерден болуп мектепке 2-класстын окуучулары, андан кийин 5, 9 жана 11-класстын окуучулары келе баштайт. Анын себеби 2-класстын окуучулары болгону бир жыл окуп, ал да толук болгон жок. Ал эми 9-11-класстар — бүтүрүүчүлөр. Алар реалдуу форматта канчалык көп окуса, ошончолук өздөрүнө ишенимдүү болуп, ага жараша жыйынтыктар да жакшы болот. 5-класстар башталгыч класстан кийин жогорку класстардын катарына кошулуп жатат. Аларга ар башка мугалимдер сабак бере баштайт. Ошондуктан аларга да кыйын болушу мүмкүн", - дейт ал.

Эскерте кетсек, учурда өлкөдө 1-класстын окуучулары гана мектепке келип окуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий