• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Кайсы медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөнөт жана алар канча алышат?

Ден соолук 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Коронавирус чыккан очок аймактарында иштеп жаткан медицина кызматкерлерине 8-апрелден тарта март айы үчүн кошумча төлөмдөр которула баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, коронавирус менен күрөшүүгө тартылган Чүй жана Ош облусундагы 141 кызматкерге жалпы суммасы 1 млн 400 миң сом болгон айлык акы которулду.

"Ошол эле учурда дарыгерлердин негизги иштеген жери боюнча маянасы да сакталып калат. Өлкө боюнча коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине бухгалтерлер март айы үчүн кенемтелерди 2-3 күндүн ичинде которууну пландап жатат", - деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен белгилешкендей, медицина кызматкерлерине кошумча берилип жаткан акы жеке адамдар жана юридикалык жактардан жардам катары келген каражаттар үчүн ачылган депозиттик эсептен төлөнүүдө. Атайын комиссия ал үчүн 38,5 млн сом бөлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин каржы саясат башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакуловдун айтымында, кошумча төлөмдөрдү оорунун очокторунда иштеген санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, стационарлардын, алгачкы медициналык-санитардык кызматтардын кызматкерлери алышат.

"Бул төлөмдөр эки категорияга бөлүнгөн: карантиндик-казармалык тартипте иштеген жана нөөмөт графиги боюнча жумушка келип- кетип иштеген кызматкерлер. Дарыгерлер үчүн кенемте 46 миң сомго чейин, орто медициналык персонал үчүн 41 сомго чейин жана кенже тейлөөчү персонал үчүн 38 миң сомго чейин төлөнөт. Нөөмөт графиги боюнча иштеген кызматкерлерге кенемте 29 миң сомго чейин төлөнөт. Төлөмдөр медициналык кызматкерлер иштеген категория жана очок аймагында иштеген убактысына жараша болот", - деди ал.

Министрликтен белгилешкендей, медицина кызматкерлерине январь жана февраль айлары үчүн Эпидемиологиялык фонддон 8,5 млн сом төлөнүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий