• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери нөөмөт менен иштейт - штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Калкты тейлөө борборлору өзгөчө кырдаал режиминде иштөөсүн улантат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Калкты тейлөө борборлорунда Дүйшөмбү–Жума күндөрү 09-00дөн 18-00гө чейин нөөмөттөр уюштурулат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) иши тууралуу суроолоруңуздар боюнча төмөнкү телефон номурларына чалып, тактасаӊыз болот:

МКК ишеним номуру 0312-624140.

МККнын колл-борбору 119 (чалуу акысыз).

Иштөө убактысы саат 9-00дөн 18-00гө чейин.

Пикир

Оставить комментарий