• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Кандай учурда балдарды сөзсүз түрдө стационарга жаткыруу керек? Жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы дарыгери Айна Жетыбаева брифинг учурунда кандай учурда балдарды сөзсүз түрдө стационарга жаткыруу керектигин айтып берди.

Анын айтымында, жаңы төрөлгөн (эки айга чейин) жана кичинекей ымыркайлардагы кооптуу белгилер:

- Эмчек эмүүсү начарласа; - Карышуу;

- Уктап калуу же аң-сезимдин жоктугу;

- Онтоп дем алуу;

- Тез дем алуу (мүнөтүнө 60 же андан көп);

- Көкүрөктүн катуу тартылышы;

- Алакан менен тамандын саргайышы;

- Дене табы (38⁰ жогору); - Дене табынын төмөндөшү (35.5⁰ ден төмөн);

- Кыймылга келтирилгенде гана болгон кыймыл-аракет;

- Борбордук цианоз. 2 айдан 5 жашка чейин балдар арасындагы кооптуу белгилери:

- Ымыркай эмчек эме албайт же иче албайт;

- Карышуу (анамнезде ушул ооруга байланыштуу) жана текшерүү учурунда болсо;

- Ар бир суусундуктан же тамактан кийин кусуу;

- Летаргиялык же аң-сезимсиз болуу.

“Эсиңизде болсун, балдарда жана өспүрүмдөрдө COVID-19 диагностикалоодо кооптуулуктун белгилеринин бирөө бар болгон учурда “103” тез жардам кызматын чакыруу керек”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий