• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Каракол шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Каракол шаарында коронавирустук инфекциянын пайда болушун жана жайылуусун алдын алуу максатында бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, шаарда төмөнкү чектөөлөр киргизилди:

1. Караколдун ичиндеги жана райондор аралык маршруттук каттамдардын ишмердүүлүгү токтотулсун;

2. “Макиш” базарындагы азык-түлүк катарларынан башка бардык базарлар жана соода түйүндөрү жабылсын, көрсөтүлгөн жайларда дезинфекция иштери өткөрүлсүн;

3. 20 орунга чейинки коомдук тамактануу жайларынын иштөө убактысы 19:00гө чейин кыскартылсын, 20 орундан жогору кафе, ашканалар жабылсын.

Белгилей кетсек, бүгүн, Кырыгзстанда 21-мартта коронавирусту жуктурган дагы 6 учур катталды. Алардын бардыгы Сауд Арабиядан кичи ажылыктан (умра) келгендер. Жарандардын бешөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, ал эми бирөө Баткен облусунун Баткен районунун тургуну. Алардын жаш курагы 45тен - 70 жашка чейин. Үчөө аялдар, үчөө эркектер.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле күн мурун, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны он экиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий