• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Караколдо коомдук транспорт токтотулуп, жума намазга тыюу салынды

Аймак 0

Бишкек, 09.07.20 /Кабар/. Каракол шаарында эпидемиолоиялык кырдаалга байланыштуу бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэриясынан билдиришти.

Каракол шаарынын мэриясынан билдиришкендей, шаардык штабдын чечими менен 9-июлдан тарта шаарда төмөнкү чектөөлөр киргизилди:

1. Коомдук транспорт (облустар, райондор аралык, шаардык). Ошол эле учурда облус жана шаар ичинде такси кызматы иштей берет;

2. Каракол шаарындагы автобекеттин иши;

3. Жума намаздарына.

Пикир

Оставить комментарий