• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

COVID -19. Караколдо шаарга кирип-чыгуу көзөмөлдөнүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов жарандарды карантинди так жана толугу менен сактоого чакырды.

Шаарда 3 тышкы пост жана 1 ички кайгуул топ иш алып барууда.

“Шаарга кирип-чыгуу штаб тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Жарандардын карантин убагындагы ар бир мыйзамсыз жасалган ишине бөгөт коюлат (мыйзамдын алкагында)”, - деп билдиришти мэриядан.

Эскерте кетсек, кечээ, 24-мартта, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталганы айтылган. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий