• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19 каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке бир суткада 2,2 млн сом түштү

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн ачылган эсепке 2 млн сомдон ашык акча түштү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каржы министрлиги Кыргыз өкмөтүнүн буйругуна ылайык, Кыргызстандын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу иш-чараларына акча каражатын которуу үчүн энчилүү эсептерди ачкандыгы белгилүү.

Бүгүнкү, 20-мартка карата (12:30 саат) жогоруда аталган эсептерге 2 млн 200 миң сом келип түшкөн.

COVID-19 менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга өз ыктыяры менен финансылык жардам көрсөтүүну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары каражаттарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казынасына төмөнкү реквизиттер боюнча которсо болот:

Алуучу банк: «Айыл Банк» ААК

БИК 135001

Эсеби: 1352119927702865 (сом менен)

же:

Алуучу банк: «РСК Банк» ААК

БИК 129001

Эсеби: 1299004130020044 (сом менен)

Пикир

Оставить комментарий