• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19 каршы күрөшүү иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн эсептер ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды каржылоого акча каражаттарын которуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн «Айыл банк» жана «РСК банк» ачык акционердик коомдору бирдиктүү эсеп ачышты.

COVID-19 менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга өз ыктыяры менен финансылык жардам көрсөтүүну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары каражаттарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казынасына төмөнкү реквизиттер боюнча которсо болот:

Алуучу банк: «Айыл Банк» ААК

БИК 135001

Эсеби: 1352119927702865 (сом менен)

же:

Алуучу банк: «РСК Банк» ААК

БИК 129001

Эсеби: 1299004130020044 (сом менен)

Пикир

Оставить комментарий