• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

COVID-19: Казакстанда 13-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, 13-июлду коронавирустан каза болгон өлкө жарандарын эскерүү үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Мамлекет башчы жакындарын жоготкон казакстандыктарга көңүл айтып, аларды бул оор күндөрдө чыдамдуу жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

«Жарандар кол куушуруп отуруп калып, депрессияга алдырбашы керек. Биз эч кимди кароосуз калтырбайбыз, ар бир казакстандыктын өмүрү жана саламаттыгы үчүн күрөшөбүз», — деди президент.

Токаев жакынкы күндөрү дары-дармек жетишсиздиги жоюларын убадалап, жарандарды дүрбөлөңгө түшүп, ашыкча дары сатып алуу менен ажиотаж жаратпоого чакырды. Анын айтымында, жасалма дем алдыруучу аппараттарын, дары-дармек сатып алууга, медиктерге колдоо көрсөтүүгө жана башка чараларга кеминде 150 миллиард теңге бөлүнөт.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктурган кишилердин саны 51 миңден ашып, 264 бейтап каза болду. Өлкөдө 5-июлдан тарта карантиндик чектөөлөр кайра күчөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий