• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Кеминдеги социалдык шаарчада жашап жаткан 100 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Чүй облусундагы Кемин районунун Чым-Коргон айылында 2019-жылы салынган социалдык шаарчада жашап жаткан 100 үй-бүлөгө "Социалдык адилеттүүлүк" бир айлыгынын алкагында учурда өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, "Ас-Сафа" коомдук бирикмеси тарабынан ар бир үй-бүлөгө азык-түлүк топтомдору, (1 мүшөк ун, 5 кг кесме, 5 литр май, 5 кг макарон, 5 кг күрүч, 5 кг кумшекер) жана тазалоочу, жуугуч, дезинфекциялоочу каражаттарды таратылды. Социалдык шаарчада түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашоочулар эч кандай майрамдарды өткөрбөөгө жана эл топтолгон жерге барууну токтотуп туруу сунушталды.

Белгилей кетсек, 18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч учур аныкталганы айтылган. Учурда өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 16га жетти (7 эркек, 9 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 5 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Башында коронавирус чыккан Сузак, Ноокат жана Баткен райондорунда, андан кийин 22-марттан тарта өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Ал эми 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктарга ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Азырынча өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап, 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин киргизиле тургандыгы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий