• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Өкмөт ыктыярчылардын ишин координациялоодо - Исмаилова

COVID - 19 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Өкмөт коронавирус пандемиясы учурунда өлкө аймагындагы ыктыярчылардын ишин координациялоодо. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул максатта “Бирге” штабы жана birge.pro платформасы иштелип чыккан.

“Пандемиядан улам ыктыярчылар биригип, ар кайсы топто иштеп жаткан. Ыктыярчылардын ишин координациялоо үчүн birge.pro платформасы иштелип чыккан”, - дейт ал.

Исмаилова кошумчалагандай, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде дагы коронавирус боюнча атайын ресурс иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий