• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

COVID-19: ӨКМ тарабынан өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн сутка ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, кечээ, 9-август күнү өлкө боюнча 173 200 погондук метр унаа жолдор, 56 000 чарчы метр имараттар дезинфекцияланган.

Министрлик тарабынан жалпы 2127 адамга ысык тамак-аш берилген. 112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 4700 чалуу катталып, анын ичинен 43 коронавирус боюнча чалуу түшкөн.

Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана госпиталда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 347 кызматкер жана 41 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий