• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: ӨКМ тарабынан өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн сутка ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, кечээ, 4-август күнү өлкө боюнча 65 830 погондук метр унаа жолдор, 47 665 чарчы метр имараттар дезинфекцияланган. Жалпы КР ӨКМ тарабынан 2566 адамга ысык тамак-аш берилген.

Ошондой эле 112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 5355 чалуу катталып, анын ичинен 100 коронавирус боюнча чалуу түшкөн.

Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпиталда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ж.б.у.с. ӨКМ тарабынан 287 кызматкер жана 31 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий