• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19. ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери эмдөөдөн өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 14-июль күнү оорунун алдын алуу максатында КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда башкармалыктын жалпысынан 100 кызматкери вакцина алышты. Иш-чара бүгүн, эртен уланмакчы.

Белгилей кетсек, республикага 11-июлда кытайлык "Синофарм" вакцинасынын 1 млн 250 миң дозасы келген.

Пикир

Оставить комментарий