• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Коронавирус 570 адамдан табылды, 3 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 10.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) 570 адамдан табылып, 3 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 121, Ош шаарында -114, Чүй облусунда - 85, Ош облусунда - 30, Талас облусунда – 21, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 51, Жалал-Абад облусунда - 61, Баткен облусунда 82 адам жуктуруп алган.

Ошол эле учурда бир күндө коронавирустан 416 адам айыгып чыккан.

“Бишкекте - 75, Ош шаарында - 26, Чүй облусунда - 53, Ош облусунда - 56, Талас облусунда - 23, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 18, Жалал-Абад облусунда - 91, Баткен облусунда 69 киши айыкты” - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле коронавирустан бир күн ичинде өлкө боюнча - Бишкекте 2 киши, Ош облусунда 1 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 3 миң 444 бейтап, үй шартында 3 миң 892 киши дарыланууда.

“Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын 56сы канааттандырарлык абалда, 2 миң 259 киши - орточо оор, 988 адам - оор жана 141 киши өтө оор абалда”, - деп айтылат маалыматта.

Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкеринен коронавирус табылган (Таласта - 2, Ысык-Көлдө - 3). Ошол эле учурда үй карантининен 6, стационарлардан 3 медицина кызматкери айыгып чыгарылган. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктурган жалпы 3 миң 654 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 445 медкызматкер айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 63 миң 960ты түзөт. Алардын ичинен 54 миң 774 адам айыгып чыккан, 1 миң 185 киши каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий