• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

COVID-19: Коронавируска каршы күрөш үчүн ачылган эсепке 69,5 млн сом түштү

COVID - 19 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Коронавируска каршы күрөш үчүн Финансы министрлигинин карамагында ачылган эсепке 69,5 млн сом келип түштү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 31-мартына (саат 17.00) карата Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 69 млн 479 миң 853 сом акча каражаттар түштү.

Финансы министрлигинин расмий сайтында ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий