• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19! Кыргыз-түрк “Манас” университети онлайн окутууга өттү

Билим 0

Бишкек, 12.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Кыргыз-түрк “Манас” университети онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган окуу жайдын студенти билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 инфекциясына кабылгандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу 2022-жылдын 11-январынан баштап университет онлайн окута баштады.

Ал эми окуу жайдын баш катчылыгы студенттерге төмөнкү билдирүүнү жөнөткөн: Кырдаал оңолмоюнча бардык сабактар жана сынактар аралыктан билим берүү ыкмасы менен уланат. Бул процессте биздин бардык административдик кызматкерлер нөөмөттүк негизде иштешет. Студенттик үйлөрдө калган кыргызстандык студенттер үйлөрүнө жөнөтүлүп, Кыргызстандын сыртынан келген бардык студенттер анализ тесттен өткөрүлөт. Тесттин жыйынтыгы оң болгон окуучулар карантинге алынат. Пандемия учурунда антивирустук иш-чараларга маани берүүнү, сактоону жана кабыл алынган чечимдерди биздин бардык кызматкерлерге жарыялоону урматтоо менен суранабыз.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 12-январга карата коронавирус 465 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий