• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Кыргызстан боюнча обсервацияда 741 адам жатат - Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 741 адам жатат. Ал эми 3-майга карата коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 3 миң 349 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-майга карата коронавирус жуктурган 26 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 795 адамга жетти. Алардын ичинен 564 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган он адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий