• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Кыргызстан жуктургандар боюнча дүйнөлүк рейтингде 93-орунда турат

COVID - 19 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кыргызстан коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөлүк рейтингде 93-орунда турат. Бул тууралуу брифинг учурунда “Профилактикалык медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк рейтинг боюнча Кыргызстан 93-орунда турат, вирус жуктургандардын саны 180 миңди жана каза болгондордун саны 2 миң 622 адамды түздү.

“Дүйнө жүзүндө 2,8 млрд (35,3%) адам эмдөөдөн өткөн, эмдөөнүн пайызы 40тан ашык мамлекеттерде 60-74%га жетсе, КМШ өлкөлөрүндө 30%ды түздү”, - деди ал.

Касымов белгилегендей, 2019-жылдын аягында пайда болгон коронавирус инфекциясы мутация болуп жатканына байланыштуу, аны алдын ала божомолдоо үчүн маалыматтар жетишсиз болуп эсептелет. “Күз-кыш мезгилинде вирус жуктуруп алуу тобокелдиктери күчөп баштайт. Андыктан, алдын алуу чараларын сакташыбыз керек: беткап тагынып, колду жууп же антисептик колдонуп, социалдык аралыкты сактоо да зарыл”, - деп кошумчалады Омор Касымов.

Сөзүнүн аягында, ал дарыгерлерди, мугалимдерди, калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн адамдарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий