• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанда 1 миң 722 адам үй шартында дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 1 миң 722 адам үй шартында дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча стационарда 547 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 772 адам дарыланууда.

Белгилей кетсек, 18-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 91 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 224тү түзөт. Алардын ичинен 41 миң 415 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий