• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19 Кыргызстанда: 20-апрелге карата күндүн жыйынтыгы

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде 68 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 201ге жетти.

— COVID-19 инфекциясынын жуктурган жаңы 14 учуру катталды.

— Жалпы жуктурган - 568.

— Медицина кызматкерлери - 140 (бүгүн +6).

— Ооруканада - 360, анын ичинен реанимация - 8.

— Өлгөндөр – 7 (бүгүн +2).



— COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 8 116.

— Польшадан келген медиктер Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада ишке киришти.

— Бүгүн Кытай Эл Республикасынан медициналык кызматкерлердин тобу келди.

— Жакында COVID-19 аныктоого ПЧР анализдерди Бонецкий жеке лабораториясынан тапшырса болот.

— Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаар мэриясынын муктаж болгон жарандарды колдоо иши менен таанышты.

— Өлкөнүн бардык аймактарында зордук-зомбулукка кабылган балдарга жардам берүү борборлору иштеп жатат.

— Өткөн суткада коменданттык саатты бузгандардын саны 74 (Бишкек ш. – 60, Ош ш., Кара-Суу, Ноокат р. – 3, Жалал-Абад ш., Сузак р. – 6, Нарын ш., Ат-Башы р. – 5).

Пикир

Оставить комментарий