• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19 Кыргызстанда: 22-апрелге карата күндүн жыйынтыгы

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 22-апрель 38 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 254кө жетти.

- COVID-19 инфекциясынын жуктурган жаңы 22 учур катталды.

- Жалпы жуктургандар - 612. Анын ичинен медкызматкерлер - 157.

- Ооруканада - 351, анын ичинен реанимация - 5.

- Обсервацияда 682 адам жатат.

- Бүгүн коронавирустан 53 жаштагы аял каза тапты. Өлкөдө коронавирустан 8 адам көз жумду.

- COVID-19 вирусу тастыкталган оорулуулар менен 8 538 адам байланышта болгон.

- КР Саламаттык сактоо министрлиги: Күндөн күнгө коронавируска чалдыккандарга караганда, айыккандар көбөйүүдө.

- Бишкектин коменданты А.Орозалиев борбор калаадагы соода борборлорунун ээлерин ижара акысын талап кылбоого чакырат.

- Өкмөт “Айыл чарбасын каржылоо-8” долбоорунун алкагында ун жана буудай сатып алууга 800 млн сом бөлдү.

- Новосибирск шаарынан 177 кыргызстандык учуп келди.

Пикир

Оставить комментарий