• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанда 30-июль Жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланат

Президент 0

Бишкек, 25.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда 30-июль коронавирустан каза болгондор боюнча Жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген маегинде билдирди.

"Ооба, менин да бул тууралуу ойлорум бар. Айтпай турайын дедим эле, маалымат берип коеюн. 31-июль Курман айт деп жарыяланды. 30-июлду өлкө боюнча Жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Тиешелүү Жарлык чыгат, буйруса. Ошол аза күтүү күнүндө каза болгон мекендештерибизге куран окуталы", - деди президент.

Мамлекет башчысы дагы бир ирет каза болгон мекендештердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

"Ар бир кыргызстандыктын башына келген кыйынчылык, оор жоготуу менин жүрөгүмдө. Чоң жоготууга туш болгон мекендештериме сабыр тилейм, кайрат тилейм", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 32 миң 124кө жетти. Илдеттен жалпы 19 миң 203 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1249ду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий