• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19: Кыргызстанда 320 адам бейтапканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 17.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 320 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен алты киши реанимацияда жатат. 60 бейтаптын абалы орточо оор, 248 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-майга карата коронавирус жуктурган 21 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1138ди түзөт. Алардын ичинен 804 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий