• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Кыргызстанда 437 адам бейтапканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 437 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган 8 адамдын абалы оор, анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат.

"77 адамдын абалы орточо оор, 352 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 26-майга карата коронавирус жуктурган 35 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1468ди түзөт. Алардын ичинен 1015 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий