• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19. Кыргызстанда 628 миңден ашык адам толук эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 02.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9миң 153 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 586 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 567 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 833 миң 472 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 628 миң 413 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий