• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Кыргызстанда 847 убактылуу эмдөө пункту ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 12.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 847 убактылуу эмдөө пункту ачылганын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө калктын 70% же 2 млн 187 миң 417 жаран вакцина алышы керек.

“11-июлда массалык эмдөө башталып, 1 млн 312 миң 450 адамды түзгөн медиктер, соцкызматкерлер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, 60 жаштан жогору курактагы өнөкөт оорулары барлар жана калктын аярлуу катмарлары алгач эмделет. Ошондой эле 18 жаштан жогору жарандар акысыз негизде жана өз ыктыяры менен вакцина ала алат”, - дейт ал.

Бакашова аймактарга муздаткыч жабдыктары бар унаалар жеткирилгенин айтат.

“IT тобу ал муздаткычтарда канча вакцина бар, канчасы бош экендигин көрсөтүп турган санарип платформаны иштеп чыгууда”, - деди ал.

Төраганын орун басары өлкө боюнча 599 мамлекеттик медициналык мекемесинде, 10 жеке медициналык мекемесинде, 100 жеке билим берүү мекемесинде, 12 соода борборлорунда, 12 маданий жана спорт мекемелеринде, 30 базарда эмдөө пунктары ачылганын белгиледи. Ал эми Бишкек жана Ошто вакцина саюу күнү-түнү иштейт.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга 11-июлда коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын 1,2 млн дозасы келген.

Пикир

Оставить комментарий