• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19 Кыргызстанда. Айыккандардын саны 30га жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынан айыккандардын саны 30га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына караганда, оорудан айыккан жаңы бейтаптар күн мурун, 8-апрелде Жалал-Абад облустук ооруканасынан чыгарылган.

9-апрель саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 280 учур тастыкталды.

Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 86,
  • Ош облусунда – 98,
  • Чүй облусунда – 7,
  • Баткен облусунда – 4,
  • Ош шаарын – 36,
  • Бишкек шаарында – 36,
  • Нарын облусунда – 10,
  • Ысык-Көл облусунда – 3 учур бар.

Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 34. Катталган учурлардын ичинен: 147 –аял, 133 – эркек. Илдетти жуктуруп алган 4 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий