• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Кыргызстанда акыркы суткада 1 миң 326 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 326 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 647 адам вакцинанын биринчи дозасын, 679 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 735 миң 621 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 522 миң 438 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий