• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда бир суткада коронавируска каршы 10 миң 114 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 18.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 114 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 862 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 252 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 760 миң 425 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 561 миң 324 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий