• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19. Кыргызстанда акыркы суткада 10 миң 565 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 565 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 67 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 498 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 932 миң 874 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 708 миң 630 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий