• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Кыргызстанда акыркы суткада 10 миң 980 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 980 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 432 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 548 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 939 миң 433 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 713 миң 313 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий