• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19. Кыргызстанда акыркы суткада 11 миң 706 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 706 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 186 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 520 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 957 миң 383 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 726 миң 899 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий