• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19: Кыргызстанда акыркы суткада 11 миң 812 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 812 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 763 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 49 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 990 миң 734 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 764 миң 229 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий