• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Кыргызстанда акыркы суткада 11 миң 909 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 909 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 402 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 507 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 996 миң 278 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 770 миң 820 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий