• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19. Кыргызстанда акыркы суткада 11 миң 921 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 921 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 278 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 643 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 725 миң 667 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 511 миң 724 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий