• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

COVID-19. Кыргызстанда акыркы суткада 12,6 миң адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 12 миң 600 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 609 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 991 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 784 миң 948 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 583 миң 834 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий