• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Кыргызстанда акыркы суткада 13 миң 249 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 13 миң 249 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 996 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 253 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 920 миң 319 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 699 миң 142 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий