• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19: Кыргызстанда акыркы суткада 1364 адамдан табылып, 11 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 17.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 17-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 364 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында – 778, Ош шаарында – 33, Чүй облусунда – 205, Ош облусунда – 48, Талас облусунда – 24, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 51, Жалал-Абад облусунда – 85, Баткен облусунда – 116 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 135 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 647, Ош шаарында – 106, Чүй облусунда – 155, Ош облусунда – 37, Талас облусунда – 19, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 61, Баткен облусунда – 95 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 3 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 763 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 469 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 38 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 123 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 340 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 147 миң 656 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 124 миң 58 киши айыгып чыкса, 2 миң 165 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий