• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Кыргызстанда акыркы суткада 14 миң 303 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 14 миң 303 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 118 адам вакцинанын биринчи дозасын, 8 миң 185 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 707 миң 453 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 489 миң 189 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий