• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

COVID-19. Кыргызстанда акыркы суткада 15 миң 62 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 04.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 15 миң 62 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 572 адам вакцинанын биринчи дозасын, 9 миң 490 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 696 миң 707 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 472 миң 995 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий